Site icon Reporter.kg

Августта Грозныйдан Бишкекке жаңы аба каттамы ачылат

Август айында Чечен Республикасынын (Россия) борбору Грозныйдан Бишкекке жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Урал аба жолдору» компаниясынан билдиришти.

«Грозный – Бишкек – Грозный» багыты боюнча биринчи каттам 11-августта жүргүзүлөт. Учак жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү учуп турат.

Учак Грозныйдан Бишкекке саат 21:00дө, Бишкектен Грозныйга саат 19:25те учат.

Exit mobile version