Site icon Reporter.kg

Австралия: Жер титирөөдөн ондогон имараттар кыйрады (ВИДЕО)

Австралиянын түштүк-чыгыш тарабында зилзаланын күчү 6 баллга жетти. Евроньюс маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Мельбурнга 10 чакырым жакын жерде болду.

Мельбурнда 45 имарат кыйроого кабылды. Электр зымдар үзүлүп, электр жарыктары өчтү. Азырынча кырсыктан жабыр тарткан адамдар жөнүндө так маалыматтар тарай элек.

Учурда бийлик бул калаага өзгөчө абал киргизээрин айтып жатат. Окумуштуулар мындай зилзала келээрки жумада да болот деп болжоодо.

 

Exit mobile version