Site icon Reporter.kg

Автобейбаштык жасаган спорттук унаанын айдоочусуна айып салынды – видео

Борбор калаада эреже бузган Dodge Challenger спорттук автоунаасынын айдоочусу айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкектеги көчөлөрдүн биринин дал ортосуна токтоп, арткы дөңгөлөгүн асфальттан түтүн чыкканча айлантып, тентектик жасап жаткан сары түстөгү Dodge Challenger үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу интернетке тараган. 

Видео жарыялангандан кийин жол инспекторлору аталган эреже бузган айдоочуну издеп башташкан. Көп өтпөй автоунааны тыюу салынган жерге токтоп турган жеринен табышкан. Бул үчүн айдоочуга экинчи ирет протокол түзүлгөн.

Тыюу салынган жерге токтоткондорго 1000 сом, ал эми жогорудагыдай автобейбаштык кылгандарга 7500 сом айып салынат.

Exit mobile version