Site icon Reporter.kg

Автобустагы валидатор иштебей калса, жол кирени төлөбөй койсо болобу? Жооп

Муниципалдык автобус жана троллейбустарда валидаторлор иштебей калган учурда жүргүнчү жол кирени төлөбөй койсо болот. Бул тууралуу Reporter.kg’ге «Тулпар» системасын иштеткен «БПЦ КГ» компаниясынын операциялык директору Бекжан Акматбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-октябрда Бишкекте муниципалдык автобус жана троллейбустарда валидаторлор иштебей, жүргүнчүлөр жол кирени Тулпар, банк карталары менен төлөй албай калып, накталай төлөөгө аргасыз болду. Ошондой эле QR-код менен төлөгө мүмкүн болгон жок.

Компания аталган жагдай боюнча түшүндүрмө берип, эртең мененки мүчүлүштүктөр техникалык жумуштардын айынан болгонун белгиледи.

Ошондой эле компания жалпы «Тулпар» системасы бүгүнкүдөй иштебей калган кезде, жүргүнчүнүн башка акчасы жок болуп калса, жол кирени төлөбөй койгонго укуктуу экенин билдирди.

Reporter.kg «БПЦ КГ» компаниясынын операциялык директору Бекжан Акматбековго кайрылып, жүргүнчү кандай учурда жол кирени төлөбөй койгонго укуктуу экенин тактады.

Анын айтымында, автобус жана троллейбустардагы валидатор иштен чыгып, карта менен төлөмдү кабыл албай жатса, жарандар жол кирени QR-код менен же накталай төлөй алат. Ошол эле учурда жарандын чөнтөгүндө акча болуп, жол кирени бергиси келбесе, акча төлөбөй койгонго укуктуу.

Ошондой эле ал троллейбус менен автобустар каттамга чыгып жатканда, валидаторлор иштеп-иштебегени адистер тарабанын текшерилип турарын белгиледи.

«Тулпар» системасын иштеткен компания валидаторлордун иштебей калышы боюнча үн катты

Exit mobile version