Site icon Reporter.kg

Автобустун жүргүнчүсү уктап калганда акчасын уурдап кетишкен

Ысык-Көлдө автобустун жүргүнчүсүнөн белгисиз адамдар 80 миӊ рубль акча каражатын уурдап кетишкен. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө «112» кызматынан Боом капчыгайында жайгашкан «Боз-Салкын» кафесинин жанында Каракол — Бишкек каттамындагы автобустан 80 миң рубль уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маалымат боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу келип, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү сурамжылоо жүргүзгөн. Жабырлануучу, Ак-Суу районунун 50 жаштагы тургунунун айтымында, ал Бишкектен Каракол шаарына автобус менен жөнөгөн болчу. Жанындагы жүргүнчү отургучта жигит отурган. Жолдо аял уктап калып, автобус «Боз-Салкын» кафесинин жанына токтогондо, сумкасында 80 миң рубль акча каражаты жана эки уюлдук телефон уурдалып кеткенин жана жанында отурган жүргүнчү жок болуп калганын байкаган.

Аталган факт Тоӊ РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран изи суутпай табылып, колго түшүрүлгөн. Ал Талас облусунун 37 жаштагы тургуну С.К. экени аныкталган жана алгачкы суракта күнөөсүн мойнуна алган.  Далил зат катары уурдалган акча каражаттары жана уюлдук телефондор алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version