Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен өкмөттүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

— юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;

— транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «биргелешкен ээси» жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

— чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

— ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

— бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

-айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;

— медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

— чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

— окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

— бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номерк менен жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>