Автоунаасын жасалма документтер менен айдап жүргөн адам кармалды

Автоунаасын жасалма документтер менен айдап жүргөн адам кармалды

Жалал-Абадда автоунаасын жасалма документтер менен айдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук ЖККК бөлүмүнүн инспектору Б. Тентимишов 28-февралда  Бишкек — Ош унаа жолунда эреже бузгандыгы үчүн «Хонда-фит» үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Текшерүү учурунда аталган автоунаанын транспорт каражаттарын каттоо боюнча күбөлүгү жасалма экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча керектүү материалдар топтолуп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн автоунаа атайын айып короого токтотулуп ал эми айдоочусу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>