Бишкекте тез жардам унаасы келгенге чейин Эркиндик бульварында аял көз жарды делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Анда тез жардам унаасы бир сааттан кийин келип, эне-баланы алып кеткени, келин эркек төрөгөнү айтылган.
Бул видео Бишкекте тартылган эместигин Reporter.kg’ге борбор калаанын тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.