Site icon Reporter.kg

Аял жетекчилердин эң азы кайсы аймакта?

Жетекчилердин жана жумушчулардын арасында аялдар аз, ал эми адистердин арасында көбүрөөк. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, квалификациясы боюнча аялдар эң жогорку (65%) жана орто (50%) деңгээлдеги адистердин кызматтарын ээлейт. Жетекчилердин арасында аялдар азыраак (47%). Бирок квалификациясы жок (34%) жана квалификациялуу (25%) жумушчу күчүнүн арасында да азыраак. 2021-жылдын башына карата чакан ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын үлүшү 30,5%ды түзсө, эң көп үлүшү Бишкек шаарында (33,1%) жана Ош облусунда (32,5%), эң азы Талас облусунда (19,5%).

 

Exit mobile version