Аялды бетке тепкен эркек киши изделүүдө – видео

Аялды бетке тепкен эркек киши изделүүдө – видео

Бир нече киши катышкан мушташ учурунда аялды жыга коюп, андан соң бетке тепкен адамдын видеосу интернетке тарады. Тасмадагы сөздөргө караганда жаңжал жер талаштан чыкканын баамдоого болот.

Окуяны тактоо үчүн Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, мушташ Чүй облусунун аймагында болгондугун билдиришти. Ал эми Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы  Назира Имангазиева окуя Аламүдүн районундагы Адилет конушунда болгонун айтты.

“Учурда окуя боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, жаңжалдашкандар жана аялды тепкен киши изделүүдө. Толук маалымат окуя такталган соң берилет”, – деди Имангазиева.

Интернет колдонуучулары эркек кишинин жоругуна кыжырданып, анын кармалып, жоопко тартылышын талап кылышууда.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн, уят сөздөр бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>