Site icon Reporter.kg

Аялы менен уруша кеткен. Кайнежесинин үйүн өрттөгөн жаран кармалды

Башка бирөөнүн үйүн өрттөп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, быйыл февраль айынын аягында Талас облусунун жашоочусу милицияга кайрылып, белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаганын билдирген.

«Окуя болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүшкөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр жабыр тарткан. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп, ыкчам чара көргөн кошуналар өрттү өчүрүүгө жардам беришкен. Кошуналары өрттү убагында байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калышы толук ыктымал эле», — деп билдирет ИИМ.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Ысык-Көл облусунун тургуну экени такталып, аны кармоо иштери Ысык-Көл районунун аймагында өткөрүлгөн. Ага Бишкек шаардык милициянын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери дагы тартылган.

Кармалган 28 жаштагы Э.А. аттуу шектүү мурда көп жолу соттолгон, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, Э.А. аттуу жаран жубайы менен чырдашып, келинчеги үйдөн кетип калган. Ал жубайы Таластагы туугандарыныкына кетти деп ойлоп, Таласка барган.

«Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар», — деп билдирет ИИМ.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Reporter.kg’ге өздүк булактары билдиргендей, шектүү жабырлануучулардын күйөө баласы болот. Ал өзүнүн кайнежесинин үйүн өрттөгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version