Site icon Reporter.kg

Аялын бакпаса, иштетпесе жоопко тартылат. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара Ашимова “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыкты.

«Ал кылмыштуу кол салуудан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, жабырлануучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого, ошондой эле сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулук жаатындагы кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү алып барган кызмат адамдарынын иш натыйжаларын жогорулатууга багытталган», — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Сунушталган өзгөртүүлөр Баш мыйзамга, адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык, тергөө жана сот органдарынын укук колдонуу тажрыйбасына жасалган талдоонун, өкмөттүк эмес жана укук коргоочу уюмдардын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан.

Мыйзам актыларына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— жабырлануучу аял тосмо арыз жазса дагы, кылмыш иши токтобойт

— 154-берененин 1-бөлүгү жана 155-берененин 1-бөлүгү боюнча элдешүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат;

— психологиялык жана экономикалык (жумушка орношуусуна, иштеп акча табышына жол бербейт, каржылык жактан кысым кылат) зомбулук, ошондой эле куугунтук кылмыш катары каралат;

— үй-бүлөлүк зомбулукту көрүп жаткан жашы жете элек балдар жабырлануучу катары таанылат;

— анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери жабырлануучунун эркине жана каалоосуна карабастан козголот;

— үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кылмыш иштери автоматтык түрдө козголуп, жабырлануучу тараптын арызы милдеттүү эмес болуп калат;

— укук коргоо органдарынын жана соттордун зомбулук кылган адамдарды кармоого көбүрөөк негиз болот;

— үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга карата түзөтүү программалары киргизилет;

— үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жарандар 7 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн;

— кылмыш ишин тергөө учурунда жабырлануучулардын укуктары кеңейтилет;

— эгерде үй-бүлөлүк зомбулук аныкталса, милиция кызматкерлери убактылуу коргоо ордерин бериши керек болот;

— арыз менен үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар гана эмес, башка адам да кайрыла алат;

— убактылуу коргоо ордерин берүү мөөнөтү 3 күндөн 30 күнгө чейин узартылат;

— тергөө учурунда зордук-зомбулук көрсөткөн жарандар үйлөрүн таштап кетүүгө милдеттүү болот.

ИИМдин маалыматтары боюнча, 2021-жылы сексуалдык зомбулук болгон 604 учур катталган, алардын 53%ы кылмыш курамы жок болгондуктан кыскартылган. Мажбурлап нике кыйдыруу үчүн аялдарды уурдаган 254 учур катталып, алардын 84%ы кылмыш курамы жоктугунан кыскартылган. 2021-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 10 151 учур катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилип, алардын ичинен 8463ү аялдарга, 264ү – өспүрүмдөргө берилген.

Ал эми 2022-жылдын алгачкы 5 айында үй-бүлөдө зомбулук жасалган 3 988 учур катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 2022-жылдын 7 айынын ичинде 5 159 убактылуу коргоо ордери берилген.

Улуттук статистиканын маалыматтары көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары басымдуу көпчүлүк учурларда (2020-жылы — 96%) аялдар болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version