Site icon Reporter.kg

Аялын коомдук жайда сабаган киши камакка алынды

Бишкек шаарындагы соода борборунун жанында аялын сабаган окуя боюнча күйөөсү 1993-жылы туулган К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанында эркек киши аялды сабап жаткан видео тараган.

Кийинчерээк милиция ал жабырлануучунун күйөөсү экенин тастыктаган.

Бишкек: Аялды коомдук жайда сабаган адам анын күйөөсү болуп чыкты

Exit mobile version