Site icon Reporter.kg

Аялын мыкаачылык менен сабаган киши кармалып, сотко алып келинди

Аялын көчөдө мыкаачылык менен сабаган адам кармалып, баш коргоо чарасын тандоо үчүн сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.

Ал аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартканына карабай, ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча соттук териштирүү жана тергөө иштери жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

Жарыяланган сүрөттөрдө жубайлардын сотко чогуу келип, кол кармашканы көрүнүп турат.

Эске салсак, 30-январь күнү Бишкектин Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде бир киши аялды сабап жатканына жолдон өтүп бара жаткандар күбө болушкан. Ал ошондой эле жабырлануучу үчүн арачылык кылууга аракет кылгандарга катуу каршылык көрсөткөн. Келген милиция кызматкерлери аял менен эркектин никеде экенин аныкташкан. Жабырлануучу күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.

Бишкекте көчөдө бир аялды, бир эркек жерге жаткызып алып тепкиледи (ВИДЕО)

Exit mobile version