Site icon Reporter.kg

Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болду

Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Балыкчыга жаңы мэр болгон Азамат Арнабек уулу 39 жашта. Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. 2016-жылдан бери «Жаштар ынтымагы» жаштар бирикмесин жетектеп келет.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматында Бакыт Шаршеев иштеп келген. Ал 28-сентябрда кызматтан алынган.

Балыкчынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Exit mobile version