Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жетекчилигине Азамат Болгонбаев келет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Министрлик филармониянын директору Кыргызбай Осмонов өз иш ордунда, Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп иштеп жатканын белгилейт.
«Коомчулуктан суранарыбыз, жалган жана такталбаган маалыматтарды жазып, аны таратпоого чакырабыз», — деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз