Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Төкмө акын жана коомдук ишмер Азамат Болгонбаев көпчүлүк добуш менен  Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Болгонбаев Reporter.kg`ге өзү билдиргендей, ага Байкоочу кеңештин учурдагы бардык мүчөлөрү добуш беришкен.

«Убактылуу төрайым болуп иштеп жаткан Нурия Айдабосунова эже менин сунушумду  колдоп талапкерлигимди жалпы жыйынга алып чыкты. Башка да талапкер көрсөтүү боюнча сунуш берди бирок менден башка талапкер чыккан жок. Жыйынтыгында 14 добуш менен мен төрага болуп шайландым», — деди ал.

Азамат Болгонбаев ошондой эле КТРК менен коомдун ортосунда калыс жана акыйкат байланыш түзүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына үчүнчү мөөнөткө  шайланган Жыпар Жекшеев өткөн жылдын ноябрь айында кеңештин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен. Ошондон бери Байкоочу кеңеште 14 мүчө иштеп келет.

Мыйзам боюнча Байкоочу кеңешке 15 адам беш жылдага мүчө катыры тандалат. Ал эми төрагасы жыл сайын шайланып турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>