Site icon Reporter.kg

Азамат Дороев Октябрь районунун акими болду

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп Азамат Дороев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгонун шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азамат Дороев буга чейин муниципиалдык ар кандай кызматтарда жана райондук администрацияда аппарат башчы болуп иштеп келген.

Октябрь районунун мурдагы акими Максим Ситников ден соолугуна байланыштуу 2-июлда кызматынан кеткен.

Exit mobile version