Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз