Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Юсупов Дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми директорлук кызматты Тойгонбай Абдыкаров ээлеп келген. Ал 6-сентябрда арыз жазып, кызматтан кеткен.