Site icon Reporter.kg

«Азаттык» партиясы бекер бензин таратып, добуш сатып алууга айыпталууда — видео

Ош облусунда «Азаттык» партиясынын өкүлү шайлоочуларга бензин тараткан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

4-ноябрь күнү саат 17:00дөр чамасында Алай районунун Гүлчө айылынын кире беришиндеги «Россия» май куюучу жайынан «Азаттык» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер бекер бензин берип жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө 3-ноябрь күнү саат 17:30дар чамасында А.Ж. менен «Россия» май куюучу станциясынын оператору Михаил Б. жана өзүн «Азаттык» партиясынын Алай районундагы штабынын жетекчисимин деп тааныштырган. Анын айтымында, 4-ноябрда маданият үйүндө шайлоочулар менен жолугушуу болуп, тургундарга аталган май куюучу жайдан (АИ-92) бензинге талондор берилип, ал эми мындай талондор менен келгендерге оператор бензин бериши керек. Мунун баарына штаб жетекчиси 50 миң сом калтырган.

Бирок, талондор көп болгондуктан бул акча жетпей, А.Ж. 4-ноябрда саат 17:40тар чамасында оператор М.Б.га келип дагы 30 миң сом берген.

Видеодо 48 унаага талон менен бензин куюлганы аныкталып, А.Ж.дан талон алганын тастыктаган айдоочулар да аныкталды.

7-ноябрь күнү Алай районунун Корул айылынын 72 жаштагы тургуну А.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталган.

8-ноябрь күнү А.Ж. ооруп калгандыгына байланыштуу Ош шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Exit mobile version