“Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини атып кетишти

“Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини атып кетишти

“Азаттыктын” “Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө аты аталган жеке ишкер Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кетти. Бул тууралуу “Азаттык” Түркиянын басылмаларына таянып жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя 10-ноябрь күнү кечке маал Стамбул шаарынындагы мейманканалардын биринде болгон. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.

«Азаттыктын» май айында жарыялаган иликтөөсүндө Кыргызстандан Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат бир нече жылдан бери чыгарылып келгени айтылган.

 1982-жылы туулган Айеркен Сайматиге Кыргызстандын милициясы да издөө жарыялаганы «Азаттыктын» ошол эле иликтөөсүндө айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>