Site icon Reporter.kg

«Азаттыктын» кеңсесин милиция кайтарууга алды

Ички иштер министрлиги «Азаттык» радиосунун кайрылуусу боюнча журналисттердин коопсуздугуна көз салууда. Учурда радионун кеңсесин милиция кызматкерлери кайтарууга алды. Бул тууралуу радионун кызматкери Айгерим Акылбекова Инстаграммга жазды.

“Буга чейин социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Азаттык» радиосунун кеңсесин алдында акция өткөрөрүн жарыялашкан.Ошондой эле белгисиз адамдар радионун журналисттерине телефон чалышкан”, — деп жазган ал.

Бүгүн Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинг өттү. Ага жалпысынан 1000ден ашык адам катышты.

Exit mobile version