«Азаттыктын» президенти УКМКнын билдирүүсүн каралоо деп атады

«Азаттыктын» президенти УКМКнын билдирүүсүн каралоо деп атады

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 2-июнда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрүнүн «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазды.

Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айткан.

2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек:

«Айеркен Саймаити менен Хабиубулла Абдукадырдын ортосунда 2016-2017-жылдарда акча тууралуу карама-каршылык пайда болгон экен. 2017-жылдын май айында Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен сүйлөшүү жүргүзүп, ага беш жыл үчүн үч миллион доллардан ашык доо коюшат. Ошонун негизинде тирешүү пайда болуп, Саймаитинин үстүнөн Абдукадырдын өкүлдөрү ички иштер органдарына арыз жазып, иш козголуп, Саймаити адегенде Бишкекке, кийин Казакстан аркылуу Түркияга качып кеткен деген көрсөтмө бар. Саймаити бул доону мойнуна албай, кайра «Абдукадыр мага карыз» деген доо коюп жүргөн экен. Саймаитинин жанында жүргөн күбөлөр айтып бергендей, ал акчасын өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонуптур. Ошондой ыкмалардын бири – журналисттерди жалдап, алар аркылуу ага басым көрсөтүү болгон экен. Күбөлөр берген көрсөтмө боюнча «Азаттыктын» журналисттерине да кайрылып, маалыматты бере баштаган экен. Карызын жарым жартылай өндүргөндөн кийин финансылык каражат да берген деген көрсөтмөлөр болду», — деп билдирген.

УКМК өкүлү журналисттерге 100 миң доллар берилгени тууралуу айтып, бирок кайсы журналист тууралуу сөз болуп жатканын белгилеген жок. Тергөө муну эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып берип жатканын кошумчалаган.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>