Site icon Reporter.kg

Азербайжанда машыгуу кезинде аскердик учак Каспийге кулады

Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрүнүн учагы аскердик машыгуу маалында кырсыкка учурап, Каспий деңизине кулады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

24-июль күнү саат 22:00 чамасында өтүп жаткан түнкү машыгуу кезинде абадан коргонуу күчтөрүнүн МиГ-29 аскердик учагы менен байланыш үзгүлтүккө учурап, ал радардан көрүнбөй кеткен. Мындан улам учак кырсыкка кабылып, деңизге кулаган. Учурда кырсыктын себептери жана учкучту издөө чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version