Site icon Reporter.kg

Ажыга кеткендердин алгачкы тобу кайтып келишти — сүрөт

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабиядан кайтып келишти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн эртең менен 406 кыргызстандык Мекке жана Мединага ажылык сапарга барып кайтып келишти.

«Ажылык зыяраты ийгиликтүү өттү. Бардык зыяратчылардын ден соолуктары жакшы, эч кандай кырсыксыз өлкөгө кайтып келишүүдө», — деди Муфтияттан.

Быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 2 миң 766 орун бөлүнгөн. Квота падышалыктын бийликтери тарабынан аныкталган. Ажылык сапардын баасы 4,5 миң долларды түзөт.

Exit mobile version