Site icon Reporter.kg

Ажылык-2023: Зыяратчылар 8-майга чейин эмдөөдөн өтүшү керек

Зыяратчылар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдү 8-майга чейин алышы керек. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар менингитке каршы ACYW 135 жана сасык тумоого каршы Гриппол эмдөөлөрүн алышы керектигин маалымдайт.

Эмдөө 26-апрелден 8-майга чейин жүргүзүлөт.

Буга чейин маалымдалгандай, 2023-жылы ажылык сапарга баруунун акысы бир адамга 3900 долларды түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version