Саясатчы Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.
Анын айтымында, УКМКнын СИЗОсунда орун жоктугуна байланыштуу, Бишкектеги СИЗО-1 абак жайына жаткырылды.
Буга чейин УКМК саясатчы Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектелип кармалганын билдирген.
Маалым болгондой, 2010-жылы апрелде төңкөрүш болгондон кийин банк кутучуларынан, Өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы жана коротулушу боюнча кылмыш иши козголгон.
«2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган акчаларга ээлик кылып алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Кийин ал акчага Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абаддан жана Бишкектен кымбат объекттерди сатып алып, башка адамдарга каттатканы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Азимбек Бекназаров 12-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча шектелүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз