Азимбек Бекназаров качан Малазияга кетет? Элчинин жообу

Азимбек Бекназаров качан Малазияга кетет? Элчинин жообу

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров азырынча жаңы кызматына кирише элек. Бул тууралуу ал өзү билдиргенин «Vesti.kg» жазды.

Бекназаровдун айтуусунда, учурда Өкмөт элчилик кызматка тиешелүү документтерди даярдап жатат.

«Качан кызматына киришерим мага азырынча белгисиз. Малайзиядагы элчи кызматына киришүү тууралуу чынында али ойлоно дагы элекмин. Өкмөт көптөгөн документтерди даярдашы керек, ошондуктан качан кетерим азыр белгисиз. Учурда бардыгын даярдап жатабыз»,- дейт Бекназаров.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>