Site icon Reporter.kg

Азимбек Бекназаров камактан бошотулду

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Бекназаровдун бөгөт чарасы бүгүн, 4-ноябрда каралган. Сот саясатчыны эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон.

Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаров 12-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ага «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси менен айып таккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, Бекназаров «2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин банк кутучуларынан, өкмөт үйүнөн алынган акчалардын уурдалышы жана коротулушу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Атайын кызмат билдиргендей, Азимбек Бекназаров мыйзамсыз алынган акчага кымбат объекттерди сатып алып, башка адамдарга каттаткан.

Бекназаровдун өзү ага тагылган айыптарды четке кагып, саясий негизде кармалганын айтып келет.

Жакында эле сот Бекназаровду 2025-жылдын 2-январына чейин камакта калтырган.

Exit mobile version