Азимбек Бекназаров Малайзияга жөнөп кетти

Азимбек Бекназаров Малайзияга жөнөп кетти

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров кызматына киришүү үчүн аталган  өлкөгө жөнөп кетти. Бул тууралуу элчинин уулу Руслан Бекназаров жазды.

“Малайзияга узаттым. Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот.
Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз”, — деген ал.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>