Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү кечээ, 30-июлда Бишкектеги өлүкканадан чыгарылып, аялына тапшырылды.
Азимжан Аскаровдун сөөгүн алгач Ошко жеткирип, андан нары Өзбекстандын Ташкент облусуна туугандары алып кетишет.
2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 25-июлда абакта каза болгон.
ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган