Site icon Reporter.kg

Азис Мусаевдин сөөгү Казакстанга коюлмай болду

Алматыдан каза тапкан кыргызстандык Азис Мусаевдин сөөгү Казакстанда коюлат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Мусаевдин апасы Саида Иманходжаева учурда Алматы шаарында. Жакындарынын уруксааты менен сөөгү коңшу өлкөгө коюлганы жатат.

Азис Мусаев Алматы шаарында машыктыруучу болуп эмгектенчү. Казакстандагы тополоңдо каза тапкан.

 

Exit mobile version