Site icon Reporter.kg

Азия чемпионаты: Бейшекеев финалда Олимпиада чемпиону менен күрөшөт

67kg GR - Razzak Beishekeev (KGZ)

Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Бейшекеев 67 кг салмакта күрөшүүдө.

Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде индиялык Нераж Неражды 9:0 эсебинде жеңди.

Андан кийин финалга чыгуу үчүн япониялык Катсуаки Эндо менен күч сынашып, аны 5:1 эсебинде утту.

Эми ал алтын үчүн ирандык Саед Эсмаели менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, бул эки балбан былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында күрөшкөн. Анда Эсмаели 1:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Саед Эсмаели Париждеги Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Раззак Бейшекеев Бишкектеги Азия чемпионатында күмүш утту

Exit mobile version