Site icon Reporter.kg

Азия чемпионаты (U-20): Эркин күрөш боюнча балбандар 1 күмүш, 4 коло утту

55kg GR - Eldar Murzakulov (KGZ) df. Issei Nishijima (JPN)

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Таиландда өткөн 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 1 күмүш, 4 коло утту.

Күмүш медалды Аскат Токтомамбетов (61 кг) тагынды. Ал эми Аден Сакыбаев (70 кг), Байтемир Түлөбердиев (74 кг), Кутман Төлөбалдиев (97 кг) жана Сулде Донгак (125 кг) коло байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, ушул мелдеште буга чейин грек-им балбандары 6 медаль (3 күмүш, 3 коло) жана балбан кыздар 4 байге (2 күмүш, 2 коло) утту. Азия чемпионаты 20-24-июлда болуп өттү.

Exit mobile version