Site icon Reporter.kg

Азия чемпионатында Кыргызстан медалдардын саны боюнча 4-орунду ээледи

Kyrgyzstan's Akzhol Makhmudov (blue) wrestles Tunisia's Lamjed Maafi in their men's greco-roman 77kg wrestling early round match during the Tokyo 2020 Olympic Games at the Makuhari Messe in Tokyo on August 2, 2021. (Photo by Jack GUEZ / AFP) (Photo by JACK GUEZ/AFP via Getty Images)

Күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы 2022-жылкы Азия чемпионатынын медалдык эсебинде 4-орунду ээледи.

Турнир 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өттү. Жалпысынан эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча 30 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасына 21 спортчу кирди, алар 14 медаль — 4 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.

Жалпысынан 8 өлкөнүн спортчулары медалдарга жетишти.

Exit mobile version