Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.
70 килограмм салмакта килемге чыккан балбан жарым финалдагы беттеште монгол спортчусу Темуулен Энгхтуя менен кез келип, 12-6 эсебинде утту.
Чейрек финалдагы алгачкы беттешинде индиялык балбан Навинди 6-3 эсебинде жеңип алган.
Эми ал алтын үчүн болгон күрөштө япониялык Таиши Нарикуни аттуу балбан менен кез келет.