Site icon Reporter.kg

Азия чемпиондугу: Эрназар Акматалиев финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев  Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.

70 килограмм салмакта килемге чыккан балбан жарым финалдагы беттеште монгол спортчусу Темуулен Энгхтуя  менен кез келип, 12-6 эсебинде утту.

Чейрек финалдагы алгачкы беттешинде индиялык балбан Навинди 6-3 эсебинде жеңип алган.

Эми ал алтын үчүн болгон күрөштө япониялык Таиши Нарикуни аттуу балбан менен кез келет.

Exit mobile version