Site icon Reporter.kg

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында коло медаль утту

Gr 60kg Razzak BEISHEKEEV (KGZ) df. Sumit SUMIT (IND)

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 67 кг салмакта коло байгенин ээси болду.

Спортчу жалпы 3 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда  Куотаро Согабени (Япония)  8:0 эсебинде жеңип,  жубатуучу беттеште  Husiyuetuни (Кытай)  5:1 эсебинде утту.

Коло байге үчүн беттеште Ирандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев алгачкы жолу чоңдор арасында Азия чемпионатына катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version