Азия чемпиондугунун алгачкы күнүндө кыргыз балбандары 1 күмүш, 2 коло байге утту

Азия чемпиондугунун алгачкы күнүндө кыргыз балбандары 1 күмүш, 2 коло байге утту

Грек-Рим күрөшү боюнча Азия чемпиондгунун алгачкы күнүндө кыргызстандык балбандар 1 күмүш, 2 коло байге утту.

Алгачкы күнү олимпиадалык салмакта кармаштар өтүп, 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков күмүш байге жеңди. Ал биринчи кармашында түркмөн балбанын, экинчи кармашында тажик спортчусун, жарым финалда япониялык каршылашын жеңген.

Ал эми 55килограмм салмакта күрөшкөн Нурмухаммад Абдуллаев менен 77 салмакта килемге чыккан Кайрат Түгөлбаев коло байге жеңди.

Бүгүн, 14-мартта мелдештин экинчи күнү өтүүдө.

Буга чейин, Алматыда өтүп жаткан лицензиялык турнирде күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбандар, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы жолдомо утушкан.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев Олимп оюндарына жолдомо алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>