Site icon Reporter.kg

Марат Жуманалиевдин жаназасына 20 миңден ашык адам катышты (видео)

«Азия MIX» тобунун (КВН) оюнчусу Марат Жуманалиевдин жаназасы Бишкектеги Имам Сарахси мечитинде окулду.

Аны менен коштошуу зыяратына 20 миң ашык адам катышып, мечиттин айланасындагы көчөлөрдө автоунаа тыгыны жаралды.

Марат Жуманалиев кечээ кокустан көз жумган. Ал 43 жашта болчу. Бокс, баскетбол менен машыгып, кийин КВНге чакырылган.

Акыркы жылдары кайрымдуулук жасап, Африка, Палестина өлкөлөрүнүн элине жардам топтоп жүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version