Site icon Reporter.kg

«Азия Молл» курчоого алынды. Милиция граната тапты — видео

Бишкектеги «Азия Молл» соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга бүгүн саат 13:56да келип түшкөн. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ИИБнын жетекчилиги жөнөп кетишти.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Жеринде милиция кызматкерлери билдиргендей, унаа токтотуучу жайдан граната табылды. Бирок, алар муляж деп ойлоп жатышат. Учурда УКМКнын саперлеру иштеп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version