«Азия-ньюс» гезитинин башкы редактору сурак берүүдө

«Азия-ньюс» гезитинин башкы редактору сурак берүүдө

“Азия-ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Бул тууралуу  КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов Фейсбук баракчасына жазды.

“Асланбек Сартбаев эки сааттан бери Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковдун дарегине айтылган сын макалалары үчүн чакырыптыр”, – деп жазган Турдукулов.


Белгилей кетсек, “Азия Ньюс” гезитине 2019-жылдын март айында “Жеңиш Разаков Тажикстандын агентиби?” аталышында макала жарыяланган.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу аталган гезити сотко берип, 1 миллион сом утуп алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>