Site icon Reporter.kg

Азия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 150 млн доллар бөлөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Манила шаарына болгон иш сапарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жетекчилери менен жолугушуп, энергетика тармагындагы кызматташуу жана биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министр Таалайбек Ибраев аталган банктын Кыргызстанга көрсөткөн туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Жолугушууда бир катар долбоорлор жана сунуштар талкууланды:

АӨБ жетекчилери Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул сунуштар абдан маанилүү экенин баса белгилеп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти. Жакынкы аралыкта тараптар Кыргызстанда кезектеги жолугушууну өткөрүүнү пландашууда.

Exit mobile version