Site icon Reporter.kg

«Эсимде» тасмасы 18-ноябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

Режиссер Актан Арым Кубаттын «Азия Оскарында» баш байгени алган «Эсимде» тасмасы 18-ноябрдан баштап Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Asia Pacific Screen Awards сыйлыгын тапшыруу аземи 11-ноябрда Австралиянын Голд-Кост шаарында өтүп, «Эсимде» фильми «Мыкты  тасма» деп табылды. APSA сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктар арасында жылдан-жылга кадыр-барктуу болуп келет. Ал кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп айтылат.

Киносүйүүчүлөр «Эсимде» тасмасын 18-ноябрдан баштап Бишкектеги «Космопарк», «Ала-Тоо» жана «Плаза» кинотеатрларынан көрө алат.

Тасма тууралуу: 23 жыл тентип жүрүп эс-тутумунан айрылган Зарлык мекенине кайтып келет. Аялы Умсунай динге берилип, башка бирөөнө турмушка чыгып кеткен болот. Эң жакын адамы кайтып келгени жана аны менен бирге өткөргөн бактылуу күндөрүн эстеп, эки анжы болот. Зарлык эсине келип, Умсунай жоготкон бактысын кайрадан таба алабы?

Дүйнөлүк премьерасы: Токио эл аралык кинофестивалы,27.10.2022

Ролдордо: Актан Арым Кубат, Мирлан Абдыкалыков, Таалайкан Абазова, Элнура Осмоналиева, Назым Мендебаиров, Анара Назаркулова, Назрет Дубашев, Айназик Сейитканова, Тынчтык Абылкасымов ж.б.

Жанры: Драма

«Эсимде» тасмасы «Азиянын Оскары» сыйлыгына көрсөтүлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version