Site icon Reporter.kg

Азия оюндары: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда килем үстүнө чыгып, биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү. Алгачкы кармашында ал кытайлык спортчу күрөшүп, аны 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда ал Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version