Бүгүн, 9-февралда хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун курама командасы менен беттешет.
Беттеш Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын тайпалык этабынын акыркы турунун алкагында өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Кыргызстандыктар турнирдик таблицада 1-орунда, ал эми Сингапур 3-орунда. Кыргызстан, Сингапур жана Кувейтте 1-орунга жана плей-оффко жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз