Site icon Reporter.kg

Азия оюндары: Кыргызстандык хоккейчилер мелдешти жеңиш менен баштады

Кыргызстандык хоккейчилер Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчулар 3-февралда болгон алгачкы оюнунда Кувейттин курамасы менен кез келип, 9:8 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстандын хоккей курамасы бул мелдеште Сингапур, Бахрейн, Кувейт менен бир тайпага түшкөн. Кийинки беттешин 5-февралда Бахрейнге каршы өткөрөт.

Кыргызстандык хоккейчилер Кытайдагы Азия оюндарына катышат

 

Exit mobile version