Site icon Reporter.kg

Азия оюндары: Шаршенбеков тажикстандыкка утулуп жатып, жеңишти сууруп кетти

60kg GR - Zholaman SHARSHENBEKOV (KGZ) df. Hanjae CHUNG (KOR)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.

Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти.

Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version