Site icon Reporter.kg

Азия оюндары: Ушу-саньда боюнча кыргыз мушкер жарым финалда

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында ушу-саньда боюнча кыргызстандык мушкер Темирлан Аманкулов жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчу 75 кг салмакта беттешүүдө. Ал монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык беттештер 27-сентябрь күнү өтөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version